Бишкекте бир нече айдан бери издөөдө жүргөн жаран крамалды

Бишкекте бейбаштыкка шектелип бир канча айдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык Ленин РИИБине 9-январь күнү Н.А аттуу жаран арыз менен кайрылып, денесине бычак менен залал келтирген Т аттуу жаранга чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, Т аттуу жаран 8-январь күнү саат 23:30 чамасында Москва көчөсүндө жайгашкан үйүнө мас абалында кирип келип, бычак менен денесине залал келтирген. Андан соң окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалгандан кийин шектүүгө издөө жарыяланган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагынан кылмышка шектүү 1987-жылы туулган К.Т аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу дагы башка кылмыштык иш-аракеттерге тиешеси бар же жок экендигин аныктоо үчүн тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан