Бишкекте 3-класстын окуучусунун катуу сабалып ооруканага түшүшү боюнча ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
"Иштин себептерин, жүйөлөрүн жана чындыгын аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, зарыл болгон соттук-медициналык жана юридикалык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында жашы жете элек деп шектелген жарандын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тергөөнүн сыры сакталат. Ошондой эле тергөөнүн кызыкчылыгы жана жашы жете электердин укуктарынын сакталышы үчүн кеңири маалыматтарды берүү мүмкүн эмес", - деп билдиришти райондук милициядан.
Буга чейин Бишкектеги мектептин аймагынан катуу сабалган абалда 3-класста окуган кыз табылгандыгы кабарланган.