Баткенде жол четиндеги тосмону сүзгөн унаа өрттөнүп кетти. Айдоочу ооруканада

Баткенде унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-майдан 2-майга караган түнү саат 22:58де түшкөн маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарында Toyota Avensis унаасы жол четиндеги тосмону сүзүп, алдыңкы кыймылдаткыч бөлүгүнөн өрт чыккан.
Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Саат 23:05те өрт чектөөгө алынып, 23:10до толугу менен өчүрүлгөн. Бөлүм барганга чейин айдоочу шаардык аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда өрттүн себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан