реклама
super.kg logo

Швейцариялык гезит Путиндин 2015 жана 2019-жылдары төрөлгөн уулдары тууралуу жазды

 

2015 жана 2019-жылдары орусиялык Көркөм гимнастика боюнча Олимпиада чемпиону Алина Кабаева Орусиянын президенти Владимир Путинден эки уулдуу болгон. Бул тууралуу швейцариялык "SonntagsZeitung" гезити төрөттү кабыл алган дарыгерге таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, биринчи ымыркай Швейцариянын Лугано шаарында төрөлгөн. Төрөткө Путин катышкан эмес. Ал эми экинчи ымыркай президенттин чечими менен Москвада төрөлгөнү айтылат.

Эки жолку тең төрөттү кабыл алган гинеколог Тичино аймагындагы элиталык "Сант Анна" клиникасында иштеген. Орусияда төрөлүп, бирок 30 жылдан ашык убакыт мурун Швейцарияга эмиграцияланган. Ошондой эле ал Путин менен жаш кезинен бери тааныш жана ишенимдүү мамиледе экени маалымдалат. Ал Кабаеванын экинчи төрөтү үчүн Москвага келген.

Алина Кабаева кош бойлуу кездеринде бир нече жолу Лугано шаарына келип турганы жана төрөткө апасы, эжеси менен жан сакчыларсыз келгени айтылат.

38 жаштагы гимнаст Кабаева 2001-жылдан бери Путиндин "Бирдиктүү Орусия" партиясынын мүчөсү, 2007-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты болгон. Мындан тышкары улуттук медиа тобунун башкы директору болуп дайындалган.




aksia550_3


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
191082;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: