2014-жылкы Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземи өтө турган Бразилиядагы “Коринтианс де Арена” стадионунда 3 киши көз жумду. Бул тууралуу бразилиялык телеканалдар билдирет.
Маалыматка ылайык, стадиондо кайра куруу иштери жүрүп жаткан маалда чоң кран стадиондун бир бурчун уратып кетип, курулушчуларды басып калган. Окуя түшкү тамактануу маалына туура келгендиктен, курулуш жүрүп жаткан жерде аз гана киши болгон. Жыйынтыгында 3 курулушчу көз жумду. Бул маалымат боюнча мамлекет эч кандай маалымат тарата элек.
Мелдештин уюштуруучулары Дүйнө чемпиондугу өтө турган 12 стадионду ушул жылдын 31-декабрына чейин ФИФАга көрсөтүүгө тийиш.
Окуя катталганга чейин 65 807 кишиге туураланып жаткан стадион 94 пайызга даяр деп айтылган. Эске салсак, Бразилияда өтө турган Дүйнө чемпиондугу 2014-жылы 12-июнь жана 13-июль аралыгында өтөт.