Кара-Балтада эки жөө жүргүнчү спринтердин алдында калып жан беришти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-май күнү саат 20:50 чамасында Бишкек-Чалдовар жолунун 56-чакырымында Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен 40 жаштагы Г.Г., батыштан чыгыш багытында келе жатып эки жөө жүргүнчүнү сүзүп алып, андан кийин электр мамысын сүзүп токтогон.
Кырсыктын кесепетинен 1965-жылы туулган С.С. аттуу эркек киши окуя болгон жерде алган жаракатынан улам каза болду. Ал эми 1955-жылы туулган В.В. аттуу аял киши оор жаракаттары менен Кара-Балта шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө каза болду.
Унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып Жайыл РИИБинде тергөө иштери жүрүүдө.