БШКнын мурунку төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 30-июнга чейин СИЗО-1де камакта калтырылды.
Буга чейин Туйгунаалы Абдраимовдун БШКнын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, кармалган.