Орусияда изделип жаткан унаа Кыргызстандан табылды

Орусияда изделип жаткан унаа Кыргызстандан табылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2-майда Орусияда издөөдө жүргөн Tойота-RAV 4 үлгүсүндөгү унааны башкарып келе жаткан Талас облусунун 25 жаштагы тургуну кармалды. Буга чейин аталган унаа жасалма номер менен Кыргызстанда жүргөнү маалымдалган.

Унаа 2-майда Жайыл районунан токтотулган. Унааны 1997-жылы туулган З.З. аттуу Талас облусунун тургуну башкарып бара жаткан.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан