Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай айылынан BMW 520 үлгүсүндөгү унаа 7 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-майда саат 17:15 чамасында Балбай айылынын 2015-жылы туулган тургуну А.Ж.ны белгисиз унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.
Аталган кырсыкка шектүү катары Каракол-Пристань айылынын 1978-жылы туулган тургуну Д.Б. кармалды. Ал күнөөсүн толугу менен моюнга алган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.