Бүгүн ырчы Кубаныч Ажыбаев 41 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчы мырзага байланышка чыгып, туулган күнү менен куттуктады.
"Кичинекей кезимде тентек болчумун. Мектептен кыйкырып ырдап, мугалимдерден уруш уккан учурларым көп болгон. Эсимде, бир жолу биздин Үпөл деген эжебиз 1978-жылкы балдарга сабак өтүп жаткан. Ошол учурда мен залдын эшигин ачып, башымды салып алып бир куплет ыр ырдап кетип калгам. Артымдан 1978-жылкы балдар келип мени кармап, эжеге алып барышканда аябай токмок жегем.
Эс тарткандан бери ырдап келем. Фестиваль, конкурс, кароо сынактардан калчу эмесмин. Ырдоо таякелерим тараптан келген. Апам жакшы ырдачу эле", - деди ал.
Ырчы Кубаныч Ажыбаев 1981-жылы 3-майда Нарын районундагы Эмгек-Талаа айылында төрөлгөн. 4-класстан бери комуз менен ырдап, дастан айтып кароо-сынактарга катышып, байгелерди жеңип жүргөн. 2002-жылы Бишкекке келип Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук консерваториясынын элдик ыр ырдоо бөлүмүнө тапшырган.
2005-жылы ырчы Бактыгүл аттуу айымга үйлөнүп, учурда 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.
Репертуарында "Неге сени сүйдүм, ай?", "Атасынын баласы", "Сулууларга суктанууга акым бар" аттуу белгилүү ырлары бар.
"Мындан үч жыл мурун апам 1-майда каза болуп, 3-май туулган күнүмдө жерге бергенбиз. Андан бери туулган күнүмдө үй-бүлөм менен апама куран окуп, досторум менен бир азга отуруп тарап кетебиз. 40 жашымды деле тоскон эмесмин. Быйыл деле досторум менен чакан кылып өткөрөйүн деп турам. Алгачкылардан болуп жубайым куттуктады.
Ошентип 41 жашка да толдук
Чыгармачылыкка келсек, эки ыр жаздырдым. Бул жылы дагы хит ырлар чыгат деп ишенем", - дейт ырчы.
3-майдын жылнаамасы.