Баткен облусунун 34 жаштагы тургуну изделет. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сѳз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Чек айылынын 1988-жылы туулган тургуну Данияр Сапаралиев изделет. Ал 2022-жылдын 27-апрель күнү болжол менен саат 23:30 чамасында өзү жашаган үйүнөн, өзүнө таандык болгон Тико үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси А 5627 К унаасы менен чыгып кеткен бойдон жүргөн жери дайынсыз.
Бул факты боюнча Баткен РИИБине катталып, милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, акыл-эси жайында.
Кийген кийимдери: асты-үстүндө кара түстөгү спорттук кийим, бутунда кара түстөгү бут кийим.
Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кишини көрүп-билген болсо төмөнкү телефондорго кайрылса болот: (03622) 5-17-56; 0774 -77-86-88, 0709-73-66-37.