Фотоальбом: "Туулган күнүмдү тоо койнунда өткөрөм" дейт 48 жашка толгон ырчы Салима Балтаева

Бүгүн, 3-майда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, жылдыздуу эстрада ырчысы Салима Балтаева 48 жашка толду. Ырчыны куттуктап SUPER.KG порталы байланышка чыкты.

"Негизи мен шаан-шөкөттү анча жактыра бербейм. Курбуларым тоого барып эс алып келели деп жатышат. Андыктан быйыл туулган күнүмдү жаратылыш койнунда тосом", - деди ырчы.


Салима Балтаева 1974-жылы 3-майда Алай районунун Жошолу айылында туулган. Атасы совхоздун бригадири, апасы анын жардамчысы болгон. Үй-бүлөдө 10 бир туугандын жетинчиси.

"Ата-энем жакшы ырдашчу. Апам кошокту мыкты айтат. А мен бала бакчага барганда эле ырдачумун. Атүгүл ырдаганым үчүн айрымдар акча берип коюшар эле. Баёо кез да, акча карматып коюшса, "акча берет экен" деп ырчылыкка болгон каалоом ого бетер күч алчу. Мектепке жаңы барганда мугалим бизден "ким баш тамганы билет?" деп сураса, "мен жазганды билем" деп фамилиямды "Балтайева" деп жазганым эсимде. Бизге тамга тааныганды бала бакчадан эле үйрөтүшкөн болчу", - деген ал.


Мектепти аяктагандан кийин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына барып, ошол жактан опера жаатында билим алып, андан соң Улуттук консерваторияга тапшырган. 2 жыл опера-балет театрында, 5 жыл консерваторияда билим алган. Андан кийин 2 жыл консерваториянын аспирантурасында окуган. Кутман Жолдошев, Орозгүл Токторбаева, Майрамбек Осмонов, Чырмаш Төрөбеков менен дуэт ырдаган. 2007-жылдан бери “Достор” тобунда ырдап келет.


Ырчы 29 жашында Мамат аттуу мырзага турмушка чыгып, Сайкал, Сумая жана Сабина аттуу кыздарды тарбиялап келет.

Ырчынын репертуарында "Биздин айыл", "Көктөм эле", "Биз экөөбүз", "Балама" жана башка ырлары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан