Бишкек шаарында "жалган милиционер" кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалган милиция кызматкери деп шектелген И.С. алдамчылык жолу менен өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катары тааныштырып, Бишкектин тургунунан "камакка алынасың" деп эч кандай күнөөсү жок болсо да коркутуп 150 миң сом акча опузалап талап кылган. Жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылганга чейин андан 130 миң сом алгандыгы аныкталган.
2-майда шектүү 15 миң сом акча каражатын алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Учурда шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалды.