Алматыда Викрам Рузахуновдун иши боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө токтотулду

Кыргыз музыканты Викрам Рузахунов кыйноого кабылган окуя боюнча Казакстанда жүргүзүлүп жаткан тергөө иштери токтотулду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн маалымат каражаттары жарыялады.

Анда айтылгандай, 10-февралда Алматы облусунун коррупцияга каршы күрөшүү боюнча райондор аралык башкармалыгы Казакстандагы январь окуяларында кыйноого кабылды делген кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун иши боюнча кылмыш ишин козгогон. Бирок жабырлануучу тергөөгө катышуу үчүн Бишкектен Алматыга баруудан баш тарткандыгына байланыштуу тергөө иштери токтотулганы маалымдалды.

"Рузахунов бул жакка келип көрсөтмө берүүдөн баш тартып жатат. Ал ар кандай чагымчылдыктан жана өмүрүнө коркунуч жаралат деп кооптонууда. Бул биздин укук коргоо органдарынын колундагы нерсе. Анткени анын катышуусу жок толук кандуу тергөө иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес. Мен апрель айында Бишкектеги сырттан сурак жүргүзүү борборуна арыз жазып, бул жактагы тергөө тобунун кызматкерлери Бишкекке барып, Рузахуновдун көрсөтмөсүн алып келүүсүн сурангам. Бирок алар мындан баш тартып коюшту", - деп билдирген жабырлануучунун кызыкчылыгын коргогон жактоочу Рена Керимова.

Анын айтымында, жабырлануучу тараптан так көрсөтмөлөр болбогондугуна байланыштуу кылмышка шектүүлөрдүн өздүгү жана окуянын бардык жагдайлары азыркыга чейин такталууда. Мындан улам резонанс жараткан кылмыштуу окуяны тергөө иштерин убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган.

"Учурда Казакстандын Башкы прокуратурасы кыргыз тарап менен Рузахуновду Алматыга алып келип, тергөөгө катыштыруу иштерин уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул жакта анын коопсуздугу толугу менен кепилдикке алынат. Бирок ал буга карабастан Алматыга келүүдөн кооптонууда", - деп кошумчалаган Керимова.

Эске салсак, январь айында Казакстанда орун алган баш аламандыктар учурунда коңшу өлкөнүн телеканалдардын биринде тополоңго катышкандардын бири Кыргыз өлкөсүнөн учуп баргандыгын айткан видео көрсөтүлгөн. Андан соң интернет колдонуучулары видеодогу жаран жаз музыканты Викрам Рузахунов экендигин жазышкан.

Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жана ИИМ аталган жарандын кармалышы боюнча жагдайларын тактоого тиешелүү чаралар жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча пикирлерин айтышкан.

10-январда музыкант өлкөгө алып келинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан