Базар-Коргондо жол кырсыгынан 2 жаран каза болуп, 10 адам жаракат алды

Базар-Коргон районундагы Акман айыл өкмөтүнөн өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 554-чакырымында жол кырсыгы катталып, эки адам көз жумду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө таянсак, жол кырсыгы кечээ, 2-майда болгон. Анда Хонда-Степвагон (рулда Ноокен районунун тургуну болгон) жана Митсубиси (Жалал-Абад шаарынын тургунунун башкаруусунда) үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Кырсыктын айынан Митсубиси унаасынын айдоочусу 1961-жылы туулган А.К. жана Хонда-Степвагон унаасында жүргүнчү катары бара жаткан 2021-жылы туулган А.Э. алган жарааттарынан улам каза болду.

Жалпы 10 жүргүнчү денелеринен ар түрдүү жаракаттарды алышып, райондук ооруканага жаткырылган.

Учурда Базар-Коргон РИИБинин тергөө кызматы тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан