Бүгүн, 3-майда басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата борбор калаада журналисттер, активисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү ишембилик өткөрүштү.
Анда ЖМКнын өкүлдөрү Бишкекте жайгашкан Журналисттердин аллеясын тазалашты.
Иш-чара Кыргызстан медиасынын аракеттеги платформасы тарабынан уюштурулган.
3-май - Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнү.