Бишкекте 2006-жылы туулган Сезим Боронова дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 28-февралда саат 15:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Биринчи Май РИИБинен кабарлашкандай, 2-март күнү кызынын дайынсыз болуп жатканын айтып апасы арыз менен кайрылган.
Изделип жаткан Сезим Боронова үйүнөн чыккан күнү башында ак түстөгү жоолук, күрөң түстөгү спорттук кийим, кара түстөгү шым, ак түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.
Белгилери: Бою 155-160 сантиметр, көзү күрөң, орто дене түзүлүштө.
Эгерде сүрөттөгү кызды көрүп, билгендер болсо кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0700-10-27-38 жана 102.