Бүгүн, 4-майда Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси, Дүйнөнүн 2 жолку, Азиянын 4 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 29 жашка толду. Ал 1993-жылы 4-май күнү Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал эми балалыгы Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында өткөн. SUPER.KG порталы сыймыктуу спортчубузду өздүк майрамы менен куттуктап, кубанычтуу күндүн урматына Айсулуу Тыныбекова кыргыз спортуна киргизген 10 жаңылыкты тизмектеп көрдү.
1. Азияны жеңген алгачкы кыргыз кызы
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль жеңген алгачкы кыргыз айымы. Ал 2016-жылы Таиланддын борбору Бангкок шаарында өткөн Азия биринчилигинде жеңүүчү аталган. Анда кыргыз балбан кызы Түштүк Корея, Индия жана Монголиядан келген спортчуларды ишенимдүү түрдө утуп финалга чыккан. Ал эми алтын медаль үчүн болгон чечүүчү беттеште казакстандык Айым Абдилина аттуу балбан кыз менен күч сынашып, 2:1 эсебинде жеңишти камсыздаган. Бул Айсулуу Тыныбекованын Азия чемпионатында алган алгачкы алтын медалы эле. Спортчубуз ага чейин бул мелдеште 3 ирет өлкө намысын коргоп, 2 күмүш жана 1 коло медаль тагынууга жетишкен.
2. 4 жолу Азия чемпиону болгон жалгыз спортчу
Айсулуу Тыныбекова жеке эле кыз-келиндер арасында эмес жалпы спорттук күрөштүн тарыхында 4 жолу Азия чемпиону аталган жалгыз спортчу. Ал 2016-жылы Бангкокто, 2017-жылы Нью-Делиде, 2019-жылы Сиань шаарында жана 2021-жылы Алматыда өткөн Азия биринчиликтеринде алтын медаль жеңип алган. Кыргызстандын спорттук күрөш тарыхында, анын ичинде грек-рим жана эркин күрөштө, мырзалар арасында да мындай ийгиликти эч ким багынта элек. Жакындап келген спортчуларды айта кетсек, өз учурунда легендарлуу спортчу агабыз Раатбек Санатбаев Азия чемпионатында 2 ирет жеңүүчү болгон. Ошондой эле Данияр Көбөнов менен Жанарбек Кенжеевде да экиден алтын медаль бар.
3. Азия оюндарында алтын медаль тагынган алгачкы балбан айым
Айсулуу Тыныбекова Азия чөлкөмү үчүн Олимпиадага тете болгон Азия оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн алтын медаль уткан алгачкы спортчу. Ал 2018-жылы Индонезиянын борбору Джакарта шаарында өткөн XVIII Жайкы Азия оюндарында жеңүүчү аталган. Спортчубуз анда индиялык, түндүк кореялык жана кытайлык балбандарды жеңип финалга чыккан. Ал эми финалдык чечүүчү кармашта, тилекке каршы монголиялык балбан кызга жеңишти алдырып жиберген. Бирок көп өтпөй монголиялык спортчунун кызытма (допинг) колдонгондугу аныкталып, алтын медаль Айсулуу Тыныбековага тапшырылган.
4. Дүйнө чемпионатынан байге алган алгачкы кыргыз айымы
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнүн тарыхында дүйнө чемпионатында байге уткан алгачкы кыргыз кызы. Балбан кызыбыз 2017-жылы Франциянын баш калаасы Парижде өткөн дүйнө биринчилигинде 58 килограмм салмакта ат салышып, коло медаль жеңип алган. Чечүүчү беттеште ал кытайлык Нингнинг Ронг аттуу балбан кыз менен күч сынашып, 6:5 эсебинде жеңишке жетишкен. Муну менен мекендешибиз чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында байгеге ээ болгон алгачкы кыргыз кызы катары тарыхка жазылган.
5. Дүйнө чемпионатын жеңген алгачкы спортчу
Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандын спорттук күрөш тарыхында дүйнө чемпионатын жеңген алгачкы спортчу. Ал 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде алтын медаль жеңип, кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталган. Финалдык беттеште мекендешибиз болгариялык күчтүү делген Тайбе Мустафа Юсеин аттуу балбан кыз менен кез келип, 5:3 эсебинде жеңишти камсыздаган. Ал эми финалга чейинки баскычтарда Мексика, Япония, Украина жана Түндүк Кореянын спортчуларына жеңилүү ызасын тарттырган. Мекенибиздеги спорттук күрөштүн тарыхында (грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү) Айсулуу Тыныбековага чейин мырзалар арасында да бир дагы спортчу дүйнө чемпионатында алтын медаль алган эмес.
6. Кыргыз күрөшүнүн тарыхында дүйнөнүн 2 жолку чемпиону болгон жалгыз спортчу
Айсулуу Тыныбекованы кыргыз балбандары үчүн дүйнө чемпионатына эшик ачкан спортчу деп атасак жарашат. Себеби ал Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө биринчилигинде тарыхтагы алгачкы алтын медалды жеңгенден кийин эле Мээрим Жуманазарова экинчи болуп 2021-жылы Осло шаарында өткөн дүйнө чемпионатында жеңишке жетишти. Ал эми Айсулуу Тыныбекова ошол эле Норвегиядагы дүйнө биринчилигинде экинчи алтын медалын тагынып, дүйнөнүн эки жолку чемпиону болуу менен спорт тарыхына өз ысымын алтын тамгалар менен жазып калтырды.
7. Олимпиадада намыс талашкан алгачкы кыргыз балбан кызы
Айсулуу Тыныбекова Жайкы Олимпиада оюндарына катышкан алгачкы кыргыз балбан айымы. Ал 2012-жылы 19 жашында Лондондо өткөн XXX Жайкы Олимпиадада өлкө намысын коргогон. Ага чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча бир дагы спортчу дүйнөдөгү эң ири спорттук мелдешке чыккан эмес. Аталган турнирде Айсулуу Тыныбекова, тилекке каршы 1/8 финалдык баскычта швециялык балбан кызга жеңилип калган. Анткен менен кыргыз айымдары үчүн Олимпиадага чыйыр салып берген десек туура болот. Себеби ал жылдан бери Олимпиаданы кабыл алган ареналарда кыргыз балбан кыздарынын ысымы байма-бай жаңырып келүүдө.
8. Олимпиада күмүшүн тагынган алгачкы жана жалгыз айым
Айсулуу Тыныбекова Жайкы Олимпиада оюндарынан күмүш медаль алып келген алгачкы жана жалгыз кыргыз айымы. Балбан кызыбыз былтыр Токио-2020 Олимпиадасында кыз-келиндер күрөшүнөн финалга чейин жетип, кыргыз калкына күмүш медаль белек кылган. Аталган сүйүнүчтүү жаңылыкты Дүйнөлүк күрөш уюму да куттуктап, расмий сайтына Айсулуу Тыныбекованы "тарых жаратуучу" деп атаган куттуктоо жарыялаган. Бул медаль Эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхындагы үчүнчү күмүш медалы болуп калды. Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасында дагы бир күмүш медалды грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов тагынса, 2008-жылы алгачкы күмүш байгени Канат Бегалиев жеңип алган.
9. Эң көп Олимпиадага катышкан жалгыз спортчу
Айсулуу Тыныбекова Эгемен Кыргызстандын тарыхында 3 жолу Жайкы Олимпиада оюндарына катышкан жалгыз спортчу. Мекендешибиз 2012-жылы Лондон Олимпиадасында, 2016-жылы Рио-де-Жанейро Олимпиадасында жана 2020-жылы Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон. Кыргыз спортчуларынын ичинен (бардык спорт түрүнөн) бир дагы спортчу 3 жолу олимпиада оюндарына чыга элек.
10. Дүйнөлүк рейтингде биринчиге чыккан алгачкы кыргыз спортчусу
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча өз салмак категориясындагы (62 кг) дүйнөлүк рейтингди жетектеген алгачкы кыргыз спортчусу. Балбан кызыбыз 2020-жылы Польшада өткөн эл аралык "Poland Open" турниринде жеңүүчү аталып, рейтингдеги 5-орундан 1-орунга көтөрүлгөн. Аталган күндөн бери ар кандай турнирлердин жыйынтыгында дүйнөлүк рейтинг бир канча ирет жаңыланганына карабай, спортчубуз лидерлик орунун сактап келүүдө. Учурда тизмедеги 2-орунда болгариялык балбан айым Тайбе Мустафа Юсеин, 3-катарда япониялык Юкако Коваи турат. Ошондой эле балбан кыздардан Мээрим Жуманазарова да азыркы тапта 68 килограмм салмактагылар арасындагы рейтингди жетектеп турганын баса белгилей кетишибиз керек.
Кыргыз балбандарынын ичинен эң көп титул жеңген спортчу
Айсулуу Тыныбекова кыргыз балбандарынын ичинен (мырзаларды да кошкондо) эң көп титул жеңген спортчу. Ал кесипкөй спорттогу карьерасында эң беделдүү делген мелдештерде жалпы 20дан ашык медаль тагынган. Балбан кызыбыз Дүйнөнүн 2 жолку, Азиянын 4 жолку чемпиону. Ошондой эле Дүйнө Кубогунун жеңүүчүсү. Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси. Азия оюндарынын күмүш жана коло байгесинин жеңүүчүсү. Мындан тышкары Дүйнө чемпионатында 1 жолу коло медаль тагынса, Азия чемпионатында 3 ирет күмүш медаль, 2 ирет коло байгеге ээ болгон. Бул күрөш дүйнөсүндө эң маанилүү делген мелдештердеги ийгиликтери гана. Ал эми мындан башка эл аралык турнирлерде бир нече жолу жеңишке жетишсе, бир канча жолкусунда байгелүү орундарды ээлегендигин баса белгилей кеткенибиз оң.