"Мончоктон көйнөк кийип...". "Met Gala-2022" кечесиндеги атактуулардын образдары сүрөттөрдө (видео)

Met Gala - Нью-Йорктун "Метрополитен" искусство музейинин жыл сайын өтүүчү кайрымдуулук иш-чарасы, костюм институтуна каражат чогултуу максатында май айынын биринчи дүйшөмбү күнү өткөрүлөт.

Жыл сайын уюштурулуучу бул иш-чаранын өзүнө ылайык темасы болот. Ал эми быйылкы жылдын темасы "19-кылымдын алтын жалатылган гламуру" аталды. Анда атактуулар темага ылайык кийинишип, кызыл килемден өтүшөт.

"Met Gala 2022" кечесинде алып баруучулук тизгинди Режина Кинг, Лин-Мануэль Миранда, Блейк Лайвли жана Райан Рейнольдс алды. Ошондой эле калыстар тобунун мүчөлөрү "Vogue" журналынан Анна Винтур, Инстаграм социалдык тармагынын жетекчиси Адам Моссери жана Том Форд болду.

Аталган кечедеги көз жоосун алган образдарга назарыңыздарды бурабыз.

Ким Кардашьян Мэрилин Монронун атактуу "жылаңач" көйнөгүнүн образында... Ким бул кече үчүн 7 килограммга арыктаганын жана көйнөктү күнүнө 2 жолудан кийип турганын билдирген.

Ким Кардашьян жана Пит Дэвидсон

Пальто-көйнөктөгү модель Жижи Хадид

Спорт менен үлпөт тойду айкалыштырган Кайли Женнер

Эгиздердей кийинишкен Жаред Лето жана Алессандро Микеле

Кеченини темасын түздөн-түз кабыл алган Эмбер Валетта

Бейсбол баш кийими менен Ники Минаж

19-кылымдын жылдызы Эвандера Берри Уоллдун образындагы Эмма Корин

"1992-жылдын жаз-жай коллекциясы". Ачык түстөгү көйнөкчөн Эмили Ратаковски

Алтын чынжырларга чулганган Кара Делевинь

Dior'догу Мэй Маск уулу Илон Маск менен

Хлоя Бэйли

Бир эле учурда эки образды көрсөтө алган Блейк Лайвли

"Costume Institute Gala" же "Met Gala" 1946-жылы Элеонор Ламберт аттуу публицист тарабынан негизделип, 1948-жылдан баштап өткөрүлө баштаган. Иш-чаранын максаты костюмдарды, кийимдерди көргөзмөгө коюп, кайрымдуулук каражатын чогултуу. Чогултулган каражаттар "Метрополитен" музейине жумшалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан