Көк бөрү Баткен: "Сары-Өзөн" командасы алгачкы беттешинде "Достукту" жеңип алды

Бүгүн, 4-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда өтүп жаткан көк бөрү мелдешинде Жогорку лиганын оюндары башталды. Анда "Сары-Өзөн" командасы тайпалык баскычтагы алгачкы беттешинде "Достук" жаатын 5:4 эсебинде жеңип алды. Күчтүү атаандаштыкта өткөн оюндагы салымдарды Элдияр Шахтарбек уулу, Кубаныч Султан уулу, Эржан Тургунбаев жана Бекназар Аматов таштады. Ошондой эле Кубаныч Султан уулу менен Фархат Бейшекеев биргеликте дагы бир улакты салып кетүүгө жетишти.

Ал эми "Достук" жаатынан Эрсултан Айдаркан уулу, Астаркул Табышев, Кыяс Ниязов жана Улан Насакеев бирден улак менен жооп кайтарышты.

"Достук" командасы кийинки оюнда "А" тайпасындагы үчүнчү команда болгон "Мурас" менен күч сынашат.

Ал эми бүгүн "Б" тайпасында да "Ынтымак" жана "Ала-Тоо" командаларынын ортосундагы беттеш орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан