Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча "Мурас" аталышындагы достук мелдеши өтүүдө. Анда ар түрдүү тармактардан 12 команда 4 тайпага бөлүнүп ат салышып жатат.
• А тайпасы: президенттин администрациясы, «Ден соолук», Жогорку Кеңеш;
• В тайпасы: «Өнөр», «Билим», «Ыйман»;
• С тайпасы: «Бизнес», «Элчилер», «Спорттук федерациялар»;
• D тайпасы: «Алга», «Аймактар», «Журналисттер».
Белгилей кетсек, бүгүн, 4-майда тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун жана финалдык мелдештер болот.