Түркмөнстанда дин өкүлдөрү Айт намазында Гурбангулы Бердымухамедовдун китебин окушту. Бул тууралуу түркмөн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Айт намаз учурунда дин өкүлдөрү экс-президент Гурбангулы Бердымухамедовдун “Жашоомдун маңызы” аттуу жаңы китебин окушкан.
“Жашоомдун маңызы” – Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы китеби. Китептин бет ачарын 29-апрелде президент Сердар Бердымухамедов (ред.; Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу) өткөргөн. Мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн 15 жылдык башкаруусу маалында алтымыштан ашуун китеп жазган.
Дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири деп саналган Түркмөнстанды 2006-жылдын бери Гурбангулы Бердымухамедов башкарып келген. 2022-жылдын 12-мартында президенттик шайлоо өтүп, Гурбангулы Бердымухамедовдун 40 жаштагы уулу Сердар Бердымухамедов жеңүүчү деп табылган.