Алыскы бурчтукка узатып... Садыр Жапаровдун тайпалык баскычта киргизген 5 голу

Президент Садыр Жапаров ар түрдүү тармактардын катышуусунда өтүп жаткан "Мурас" аталышындагы футзал турниринин тайпалык баскычында 5 гол киргизди. Президенттик администрация алгачкы оюнда Талант Мамытов баштап чыккан Жогорку Кеңеш менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңишти камсыздады. Анда Садыр Жапаров дубль жасап, тактап айтканда 2 гол киргизүүгө жетишти.

Ал эми экинчи оюнда Алымкадыр Бейшеналиев баштаган ден соолук сакчылары менен күч сынашып, 4:0 эсебинде жеңишти камсыздашты. Садыр Жапаров ал беттеште да өзгөчөлөнүп, 3 гол же футбол тили менен айтканда хет-трик жасай алды.

Учурда мелдештин тайпалык баскычтагы акыркы беттештери уланууда. Ар бир тайпадан суурулуп чыккан экиден команда чейрек финалда оюн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров буга чейин кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн ушул эле достук турниринде 9 гол жаратып, эң мыкты бомбардир аталган.

Садыр Жапаровдун тайпалык баскычта киргизген 5 голу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан