Кыргыз ССРинин Эл артисттери Абдыашим Көбөгөнов менен Сайрагүл Балкыбекованын мааракелери өтөт

Бишкекте 2013-жылдын 6-декабрында Кыргыз ССРинин Эл артисти, режиссёр, драматург Абдыашим Көбөгөновдун 100 жылдык, Кыргыз ССРинин Эл артисти Сайрагүл Балкыбекованын 90 жылдык мааракелери белгиленет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 
Салтанаттуу кече 2013-жылдын 6-декабрында саат 17:00дө Кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрында өтөт. Ага өнөр адамдары, маданият кызматкерлери, өкмөт мүчөлөрү чакырылган. 
Кошумчалай кетсек, Абдыашим Көбөгөнов (1913-1992) Ысык-Көл облусунун Долинка айылында туулган. 1933-жылдан баштап театр тармагында эмгектенип, Кыргыз улуттук Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын өнүгүүсүнө эбегейсиз салымын кошкон. Ал артист гана эмес, драматург, режиссёр, мыкты уюштуруучу жана жетекчи катары да таанымал болгон.
Анын жубайы Сайрагүл Балкыбекова (1922-1995) Нарын облусунун Эчки-Башы айылында туулган. Өмүрлүк жолдошу Абдыашим Көбөгөнов менен бирге тагдырын, талантын искусствого арнап, театр сахнасында белгилүү спектаклдерде мыкты образдарды жаратып кеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан