Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолун сел каптап, каттам жабылды

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолун сел каптап, каттам жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-майдан 5-майга караган түнү саат 21:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 57-чакырымын каптаган. Буга байланыштуу каттам жабылган.

Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу барып, тактоо иштерин жүргүзгөн.

Учурда тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан