SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы акын Жуса Касиетов.
Акын Жуса Касиетов 1984-жылы 11-ноябрда Кочкор районундагы Кочкор айылында туулган. 1991-жылы Калыгул Бай уулу атындагы орто мектептин босогосун аттап, 1997-жылга чейин окуган. 1997-жылдан баштап Бишкек шаарындагы №43чү орто мектептен окуусун уланткан. Каарманыбыз ыр дүйнөсүнө эрте аралашып, 13 жашында калем кармаган. Белгилүү акындар менен жолугушуп, алардан ыр жазуу ыкмаларын өздөштүргөн. Ырлары "Эмгек Туусу", "Адабий гезит", "Тил жана маданият", "Аламүдүн кабарлары" гезиттерине жарыяланган. Учурда ыр жыйнактарын басмага даярдоо менен алек. "Залкарларга таазим" аталышындагы китеп чыгарууну дагы максат кылып, унутта калып бараткан таланттуу инсандардын ар бирине эскерүү ырларын жазып, келечектеги урпактарга таанытууну тилек кылып келет.

ЖАШАЙЛЫЧЫ
Аппак таңдар аткан сайын нурданып,
Асыл өмүр бара жатат уурдалып.
Жамандашып, шек санабай, түнөрбөй,
Жашайлычы тирүүлүктө жылмайып.
Баардыгына кенен жайып кучакты,
Бактылууга тартпайлычы тузакты.
Көңүл сынып, так түшпөсүн жүрөккө,
Көрбөгөн соң көбөйтпөйлү ушакты.
Жаман сөзгө жүрөктөрдү тилдирип,
Жаңылбайлы, туура жашоо - ийгилик!
Мен да, сен да акырындап карыйбыз,
Мезгил өтөт бетке бырыш чийдирип.
Эзелкилер айткан нечен санат бар:
"Эл-жериңдин керегине жарап кал!"
Акыр барып отун болот турбайбы,
Ажайып кооз, көлөкөлүү дарактар.
Кай бир күнү ажал келип капшырат,
Кай бир күнү эсебибиз так чыгат.
Жарыкчылык эч кимде жок түбөлүк,
Жашайлычы бул өмүрдү жакшылап!
Бул ыр жаңы жазылган. Соңку кездери бири бири менен араздашып, жаман айтышкан адамдардын көбөйүп баратканы мени терең ойго салат. Санааркатат. Эки ооз сөзү менен тоодой кайрат берчү асыл инсандар азайып бараткансыйт. Бизге эң кымбат бул - тирүүлүк, өмүр, ден соолук. Ушул жарык дүйнөдө убактылуу жашап жатып, жаман айтышабыз, жектешебиз, "кет" дешебиз. Беш-алты топко бөлүнүп алып жаакташмай. Ырды албетте жакшы тилек менен жаздым. Токтогул атабыз айткандай "аз күнкү жалган дүйнөдө" урпактар үлгү тутар эмгектерди калтырып, адам деген атыбызды актап, ыйманыбызды таза сактап жашап өтсөк кана, аттиң...
ТАҢКЫ ТИЛЕК
Согуш... Согуш... Куруп калсын, жоголсун,
Согуш болгон шаар, кыштак оңолсун.
Бомба тийген кабат үйлөр курулуп,
Бойтойушкан бөбөктайлар чоңойсун.
Апаат... Кыргын... Куруп калсын, келбесин,
Ар ким сүйөт туулуп, өскөн жергесин.
Кылыч жарк деп, ок атылып чуулдап,
Кыштак, шаарды снаряддар челбесин.
Ажал... Кырсык... Жолобосун, болбосун,
Ар бир адам пейилдерин оңдосун.
Бул дүйнөнү тынчтык гана жаркытып,
Бульварларда наристелер ойносун.
Тынчтык ырын ар бир атуул тыңдасын,
Тынч жашоону Кудай алыс кылбасын.
Көкөлөгөн шаар тургай көркөмдүү -
Көктөп турган чырпык дагы сынбасын.
Кара булут жаппай жарык күн көзүн,
Кадимкидей баардык тарап гүлдөсүн.
Сонун жашоо түбөлүккө буюруп,
Согуш эмне, аны урпактар билбесин!
Эртең мененки жаңылыктарды көрүп олтуруп, Украинадагы согуштун кесепетинен набыт болуп жаткан элдерге жүрөгүм ооруду. Бомба, снаряд тийип кыйрап калган кабат үйлөрдүн тирүү калган жашоочулары өлбөстүн күнүн көрүп олтурганы өтө кейиштүү. Эки өлкөнүн ортосундагы согуштан карапайым элдер жабыркап, набыт болуп жатканына ким да болсо жүрөк оорутат. Жакшынакай гүлзарлуу шаарлардын карала-торала болуп, талкаланып, түтөп турганы кандай аянычтуу. А элдерчи? Күн санап жок болууда. Кудай жакшылык гана берсин ар бир элге. Согуш токтосун! Согуш болбосун! Бейпил, тынч жашоодон ажырабайлы ылайым. Ар бирибиздин тилектерибизди Кудай кабыл кылып, бактылуу өмүр сүрөлү.

БИЛЕМ ЖАНЫМ
Билем жаным ошол кездер келбесин,
Билип туруп, айтмак элем эмнесин.
Жаман-жакшы күндөр өттү зымырап,
Жаратканым өзү гана теңдесин.
Жайнабады тирүүлүктө багыбыз,
Жаңылышып бөлөк кеткен чагыбыз.
Сага мени зар кылууда кантейин,
Саргалдактай сары түстүү сагыныч.
Ал кезде мен, келсем кана чечимге,
Анте албадым, мейли кечир, кечирбе.
Жоолугуңду кыйгач салып эркелеп,
Жоогазындай жайнаганың эсимде.
Азыр эми, сен башкага бүлөсүң -
Андагыдай болду бекен мүнөзүң?!
Жүз кайрыктуу сүйүү ырын жаздырып,
Жүрөгүмдүн түпкүрүндө жүрөсүң.
Жаздым ырга көөдөндөгү кусамды,
Жаздым ырга өкүнчүмдү, ызамды.
Биз өткөргөн көп күндөрдү жана да -
Билем жаным унутпайсың Жусаңды.
Касиеттүү Ысык-Көлдүн бир кызын күйүп-жанып сүйдүм. Экөөбүз жолугушуп, сүйлөшүп жүрдүк. Анын жөнөкөйлүгү, эстүүлүгү, адамгерчилиги мени өзүнө тартып турар эле. Күнү-түнү ойлогонум да ошол болчу. Бирок убагында барктай албадым. Болбогон бир таарынычтан улам алыстай түштүк. Мен анда жакшы жумушта иштээр элем. Баары бар. "Андан башка кыздар деле толуп жатат" деген текеберлик сезим менен барбай койдум, чалбай койдум... Кыздын баары эле бакыт болуп бербесин сезсем кана. Арадан айлар өтүп кетти. Унутам го дегем. Унутмак тургай саат сайын эстечү болдум. Акыры издей баштадым. Номери өчүк. Көпкө издедим. Таппадым. Ал башкага турмушка чыкты. Мен башкага үйлөндүм. Канча жылдар өтсө да унутпай келем. Баары кечээ гана болгондой...

АЯЛЗАТ
Канча катаал кезеңдерде сынбады,
Кайрат-күчү таң калтырган кыйланы.
Айтса бүтпөс түгөнбөгөн дастандай-
Аялзаты бул дүйнөнүн жыргалы.
Аял менен бирдей бүткөн жаныбыз,
Аял менен кубанчыбыз шаңыбыз.
Жаздай жайнап бөлөбөсө сүйүүгө -
Жарык чачып атмак эмес таңыбыз.
Жан кейитээр сөз айтабыз неге биз,
Жаңылууга кээде кезек беребиз.
Аял деген бар бактысы өмүрдүн,
Аял деген биздин асыл Энебиз.
Улуу журттун маңдайына жаралган,
Укмуш жандар чыккан экен аялдан.
Каныкейдин, Жаңыл-Мырза, Сайкалдын,
Кабарларын окуп билдик баяндан.
Аял менен бакыт даамын татабыз,
Аял менен агарууда жакабыз.
Эртеңкисин ойлоп келчү урпактын,
Эл башкарган Курманжандай апабыз.
Аял күчтүү селге каршы тура алат,
Азаптардын миңин жеңип чыга алат.
Аял менен жарык болуп бул дүйнө,
Аял менен өмүр көчү уланат.
Бул ырымды көп кечелерде окуп жүрөм. Кыргыздын кыздары тээ абалтадан бери эле акыл-эстүү, кайраттуу болуп, аялзатына тийешелүү баардык жакшы сапаттарды кармана билгендиги көрүнүп турат. Элибиздин эр жүрөк баатырлардан кем калбаган кыраан, чыгаан аялзаттары болгонуна тарыхыбыз деле күбө. Азыркы кезде дагы эр азаматтардан кем калышпаган аялдар эмгектенүүдө. Кайсы гана тармакты карабайлы, сөзсүз ийгилик жаратып жаткан аялзатын көрүүгө болот. Саясатта, маданиятта, спортто, искустводо, өндүрүштө, адабиятта жана башка бардык жакта асыл айымдар эмгектенип келүүдө. Аялзатын колдоп, коргоп, жөлөк-таяк болгон эр азаматтар да көбөйө берсин.