Садыр Жапаров баштаган "Президенттин администрациясы" футзал боюнча мелдештин жарым финалында "Алга" командасын жеңип алды.
Тараптардын беттеши 4:0 эсебинде жыйынтыкталып, жеңиш алып келген 4 голду тең Садыр Жапаров өзү киргизди.
Муну менен "Президенттин администрациясы" биринчи болуп финалдык баскычка чыкты.
Ал эми өлкө башчысы Садыр Жапаров тайпалык баскычтан берки 4 беттеште жалпы 10 гол киргизип, бомбардирлердин тизмесинде 1-орунда келе жатат.