Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев табигый кырсыктарга байланыштуу түштүк аймакка жөнөп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, май айынын башында болгон жаан-чачындын кесепеттерин жоюу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев түштүк аймакка жөнөп кетти.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Ош облусунун Алай районунда табигый өзгөчө кырдаал катталгандыгына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министринин шашылыш иш сапары жогоруда аталган сел жүргөн аймактарда болуп, селден кийинки калыбына келтирүү жана калк коопсуздугун камсыздоо боюнча болот.
“Азыркы тапта Жалал-Абад шаарындагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга Жарандык коргонуу кызматынан 392 жаран жана 42 техника тартылды.
Ал эми Ош облусунда Жарандык коргонуу кызматынан 141 жаран жана 14 техника иштеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.