Эл өкүлдөрүнөн куралган "Жогорку Кеңеш" жааты "Мурас" турниринин финалына чыкты. Төрага Талант Мамытов баштаган команда жарым финалда муфтий Замир Ракиев жетектеп чыккан "Ыйман" жаатын 5:1 эсебинде жеңип алды. Оюнда Жогорку Кеңешке жеңиш алып келген 5 голду тең депутат Нурлан Ражабалиев киргизди. Ал эми "Ыймандын" катарынан жалгыз голду Бакытбек Ниязов жаратты. Белгилей кетсек, Нурлан Ражабалиев убагында Кыргызстандын жана Индиянын футбол клубдарында оюн алып барган кесипкөй футболчу.
Муну менен финалда "Жогорку Кеңеш" Садыр Жапаров баштаган "Президенттин администрациясы" менен күч сынашат.