Президент Садыр Жапаров футзал боюнча мелдештин жарым финалындагы "Алга" менен болгон беттеште 4 гол, же футбол тили менен айтканда "покер" жаратты. Өлкө башчысы 1-бөлүктө маданият министри Азамат Жаманкуловдон келген топту дарбазанын алыскы мамысына багыттап, команданын алгачкы упайын иштеп тапкан.
2-бөлүктө кыйла активдүү оюн көрсөтүп, акыркы бир жарым мүнөттө 3 гол киргизүүгө жетишти. Тактап айтсак, акыркы бир жарым мүнөт калганда өнөктөшүнөн алган топту ошол эле ыкмада алыскы мамыга багыттап эсепти 2:0гө айлантты.
Андан бир мүнөт өтпөй Азамат Жаманкулов менен жогорку чеберчиликте пас алмашып, дарбазачыны жазгыруу менен үчүнчү голду жаратты.
Ал эми оюндун бүтөрүнө 15 секунд калган учурда жарым талаадан дарбазага сокку узатып, беттешке чекит койду.
Муну менен Садыр Жапаров жалпы 4 оюнда 10 гол жаратып, бомбардирлердин тизмесинде алдыңкы орунда келүүдө. Мамлекет башчысы буга чейин кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн ушул эле турнирде да 9 гол менен эң мыкты бомбардир аталган.