Бишкекте 28 жаштагы жигит кызганычтан кызды мууздап, кийин өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектин Свердлов РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 4-майда Бишкек шаарынын Чүй көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, 28 жаштагы Ч.Д. аттуу адам кызганычтан улам 25 жаштагы Д.А. аттуу кызды мууздап, кийин бычак менен өзүнүн моюнун дагы кесип жанын кыюуга аракет кылган. "Тез жардам" келип, экөөнү тең ооруканага алып жөнөшкөн. Кыз ооруканага жетпей жолдо көз жумган, ал эми жигит учурда ооруканада дарыгерлердин жана конвойдун көзөмөлүндө.
Милицияга адам өмүрүнө кол салуу боюнча маалымат түшөрү менен "адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголгон.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.