Жыл башынан бери өлкө боюнча 315 миң 762 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка ылайык жол эрежесин бузгандардын басымдуу бөлүгү транспорт каражаттарын колдонуу эрежелерин сактабагандар (119 миң 688) жана жол белгилерин, жолдогу чийиндердин талаптарын аткарбагандар (107 миң 586). Мындан башка жол эрежесине баш ийбеген айдоочулардын түрү төмөнкүчө:
- Белгиленген ылдамдыктан ашыра айдагандар – 45 миң 200;
- Тиешелүү документи жок унаа башкаргандар – 4 миң 158;
- МАИ кызматкерлерине баш ийбегендер – 377;
- Авто ээн баштык – 51;
- Жөө жүргүнчүлөр арасында эреже бузгандар – 12 миң 135;
- Ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайрадан унаа башкаргандар – 1 миң 219;
- Алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып алгандар – 947;
- Мас абалында унаа айдагандар – 4 миң 171.
Жогорудагы кылмыштуу окуялардын ичинен 17 миң 868 айдоочунун унаасы айып короосуна токтотулган.
Ошондой эле акыркы 4 ай ичинде жол кырсыктарынын саны 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга, андан каза болгондордун саны 17,5 пайызга жана жаракат алгандардын саны 11,1 пайызга азайганы кабарланды.