Аскердик госпиталдын каржы кызматынын башчысы дээрлик миллион сом кымырып алган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аскер прокуратурасы тарабынан Куралдуу күчтөрдө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо жана токтотуу багытында системалуу иш-чаралар жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө, Коргоо министрлигинин 44549 аскер бөлүгүнүн (аскер госпиталы) каржы кызматынын башчысы мыйзамсыз түрдө өздүк эсебине бюджеттик каражаттарды которуп, өз пайдасына кымырып алгандыгы аныкталган.
Аталган кылмыш аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке келтирилген зыян 965 миң сомду түздү.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.