Бишкекте 26 жаштагы кыз "Достук" мейманканасынын жетинчи кабатынан кулап, каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов РИИБинин басма сөз катчысы Назгүл Иманбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-май күнү Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "Достук" мейманканасынын 7-кабатынын балконунан белгисиз жагдайда 1995-жылы туулган М.И. аттуу кыз кулап, окуя болгон жерден дароо жан бергени боюнча маалымат келип түшкөн.
"Ал алган жаракатынан улам "Тез жардам" келгенге чейин ошол жерден каза болгон.
Аталган факты каттоого алынып, бардык керектүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.