Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жол кырсыгы катталып, андан 7 жана 2 жаштагы кыздар каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 4-май күнү саат 15:20 чамасында болгон. Анда Каракол шаарындагы Ленин көчөсүнүн 1975-жылы туулган Ю.Ф аттуу тургуну унаасы менен бара жатып, рулду башкара албай калып, ала салып кеткен. Айдоочунун айтымында, ал кызы түшүрүп алган семечканы алып берем деп алаксып кеткендиктен рулга ээ боло албай калган. Натыйжада унаанын ичиндеги айдоочунун 2015-жылы туулган Ю.Н аттуу кызы окуя болгон жерден, 2020-жылы туулган Ю.Р аттуу кызы ооруканада каза болгон.
Ал эми айдоочу жана унаанын ичиндеги 2011-жылы туулган Ю.С, 2013-жылы туулган Ю.З аттуу жүргүнчүлөр алган жаракатынан улам травматология бөлүмүнө жеткирилгени маалымдалды.