Биз социалдык тармакта

Ошто атасынан калган ок атуучу куралды сатууга аракет кылган аял кармалды

Ошто мыйзамсыз курал сатууга аракет кылган аял кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-май күнү Ош шаарынын аймагында Н. аттуу аял белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды сатуу максатында мыйзамсыз сактап жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси менен Ош ШИИБинде катталып, кылмыш иши козголгон.

"Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1963-жылы туулган Н.С. аттуу аял ок атуучу 5.6 миллиметр калибрдеги "ТОЗ-16" үлгүсүндөгү сайлуу мылтыкты 90 миңге баалап, сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Шектүү ок атуучу курал маркум атасынан калгандыгын жана акча зарыл болгондугунан мындай аракетке барганын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан