Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда унаасына жасалма номер тагып алган айдоочу кармалды

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда унаасын жасалма мамлекеттик номер менен айдап жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3-май күнү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда "Ак-Кеме" постунан Балыкчы шаарына багыт алып бара жаткан күмүш түстөгү Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

"Текшерүү учурунда унаага тагылган мамлекеттик номер башка унаага таандык экендиги аныкталган. Унаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, 15 миң сом айып салынды.

Ал эми Мерседес-Бенц 210 үлгүсүндөгү унаага тагылган мамлекеттик номер Чүй облусунун Суу чарбасына таандык болгон", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан