Маловодное постунда жүк ташуунун баасын төмөндөттү деп айдоочуну коркуткандар кармалды

Чүй облусунун Маловодное айылындагы салмак көзөмөлдөө постунда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусуна карата коркутуу жана денесине залал келтирүү фактысы боюнча шектелип жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

6-май күнү "Фейсбук" социалдык тармагында Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашкан салмак көзөмөлдөө постунда белгисиз жаран оор жүк ташуучу унаанын айдоочусуна карата уят сөздөрдү айтып жаткан видео тараган. Ошондой эле жүк ташуунун баасын төмөндөткөндүгү үчүн коркутуу менен бир канча жолу жүзүнө сокку жасаган.

Аталган видеодогу жарандардын аты-жөнү такталып, Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында 1991-жылы туулган Ч.Д, 1994-жылы туулган Т.М жана 1985-жылы туулган Т.Ж аттуу жарандар кармалганы маалымдалды.

Учурда кылмышка шектүүлөр Сокулук РИИБинин тергөө кызматына жеткирилгени жана жогорудагы факты боюнча керектүү тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, бардык жагдайлар такталып жатканы кабарланды.

Мындан тышкары оор жүк ташуучу унаалардын башка айдоочуларына да чыр-чатакка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан