Бишкек шаарында 22 жаштагы жаранды уурдап кетип, чоң суммадагы акча талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-май күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына А.А аттуу жаран жардам сурап жатат деген маалымат келип түшкөн.
Кайгуул кызматкерлери айтылган дарекке келип, маалыматты тактаганда 4-май күнү саат 18:00 чамасында 2000-жылы туулган А.А. аттуу жаранды чала тааныш болгон 8-9 бала Байтик-Баатыр көчөсүнөн БМВ Е60 үлгүсүндөгү авто унаага күч колдонуу менен салып кетишкендиги белгилүү болгон. Ошондой эле алар аны бир күн бою, эртеси 5-май күнү саат 14:00гө чейин үйдө кармап, коркутуу жолу менен чоң суммадагы акча талап кылышканы аныкталган.
Милициянын кайгуул кызматы кылмыш изи суй электе жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган П.А. жана 1993-жылы туулган Ж.А. аттуу жарандар кармалып, Биринчи май РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилгенин маалымдады.
Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүлүп жатканы айтылды.