Түн ичинде Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринде ызы-чуу салган жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түнкү саат 00:10 чамасында Султан Ибраимов көчөсүндөгү күзөт кызматкерлери (ГБР) кайгуул кызматкерлерине жардам сурап кайрылышкан. Алардын айтымында шаардагы эс алуучу жайлардын биринде мас абалындагы жаран чыр чыгарып, көчөдөгү такси айдоочулары менен уруша кеткен. Эс алуучу жайдын администрациясы абалды жөнгө салуу үчүн күзөт кызматкерлерин чакырган. Бирок мас абалындагы жаран аларга баш ийбей, каршылык көрсөткөндүктөн кайгуул кызматкерлерин чакырууга аргасыз болушкан.
Кайгуул кызматы окуя болгон жерге барган учурда жаран аларга да каршылык көрсөтүп, ызы-чуу салууну уланта берген. Кийин кошумча күч чакырылып, ээнбаштыкка шектелген жаран Свердлов РИИБинин тергөө кызматына жеткирилгени маалымдалды.
Учурда видео тасмадагы окуя боюнча кошумча териштирүү иш-амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылды.