"Жандуу ыр аткарышып...". Ырчы Аскат Мусабеков менен жубайы Миргүл Асаналиеванын концертинен сүрөт баян

Кечээ, 6-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ырчы Аскат Мусабеков жана анын жубайы Миргүл Асаналиеванын “Өмүрлөшүмө” аталышындагы концерти болуп өттү.

Концерт алгач Аскат Мусабековдун жана Миргүл Асаналиеванын дуэт аткаруусу менен башталды. Анда жубайлар бирде шаңдуу, бирде муңдуу ырларды аткарышып, көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.

Кечеде “Жамиля”, “Ат-Башым”, “Өмүрлүк жарга”, “Апама таазим”, “Мөл булак”, “Сүйүү ыры”, “Аруузатым”, “Булбулум” жана башка бир топ ырлар жаңырды.

Мындан тышкары, ырчылар түрк тилинде да ырдоого жетишти.

Ырчы Аскат Мусабеков акын Элмирбек Иманалиевди эскерип, ырларын жандуу аткарды.

Концертти “Камбаркан” фольклордук ансамбли коштоду.

Алып баруучулук тизгинди Мирзат Муканов жана Айзуура Иманалиева алды.

Концерт дээрлик үч саатка созулуп, зал толо эл болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан