"Каракол" эл аралык аба майданынын жаңы аэровакзалы 2023-жылдын аягында бүткөрүлөт. Бул тууралуу президенттик башкармалыктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салды, ал 2023-жылдын соңунда пайдаланууга берилмекчи.
Маалым болгондой, Министрлер кабинетинин токтому менен аэропортторду жана аэровокзал комплекстерин реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иш-чаралар планы бекитилген. Заманбап жүргүнчү инфраструктурасы жана аэропорттун ыңгайлуу жайгашуусу жалпы аймактын социалдык-экономикалык жактан чыңдалышына мүмкүнчүлүк түзөт, кошумча туристтик агымдарды тартууга жардам берет.
Президент Садыр Жапаров «Каракол» эл аралык аэропортунун жаңы терминалынын курулушу боюнча маалыматты угуп, аэродромдорду/аэропортторду куруу жаатындагы иштерди бардык эрежелерге жана эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык, өз убагында так жүргүзүүнү тапшырды.