"Жок жалааны жаппаңыз, Садыр аба". Манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирүү жасады
Өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.
«Мен өлкөдөн өз үй-бүлөмдүн жана өзүмдүн коопсуздугум үчүн кетүүнү чечтим. Мен ишенбейм, сөз башка, иш башка болду. Мамлекеттик каналдардын баарынан жамандаттырып жок жалааны жаппаңыз, Садыр аба (ред. президент Садыр Жапаров). Эртең каралоолор үчүн сиз баштап жооп берчү күн келет. Кепти башкага бурумуш болуп жерди унуттурам дебегиле. Манастын жери Манаска эле калсын дегеним үчүн болуп жатат ушунун баары. Эрбол Султанбаев (ред. президенттин маалымат катчысы) сен билесиң баарын, уккансың! Мен жан тартып канча нерсе айттым, уктунарбы? Жок, анан кайра айттыңар го, башка жерге эле сала бергиле да деп. Президент чакырса келбей койду дейт. Мен бир жылдан ашык убакытта конкурстун негизинде даярдаган долбоорду жокко чыгарып, бир түндө ар кайсы жерден алып, чийип койгон долбоорду колдоп, калган жерди ала бергиле дегени бармак белем. «Семетей» киносун жабык көрсөткөндө барган 31 киши ( Манас аткаруучулар, жазуучулар, окумуштуулар, режиссёрлор) жок дебестир президенттин айтканын: Дөөлөт Сыдыков барбы, Манастын айылын ыйык дебесин, шаманизмин токтотсун. Манастын айылын, Байтик тарапка көчүрөбүз деген сөзүн дагы танабы.?
Эскерте кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков SUPER.KG порталына эмнеге Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу түшүндүрмө берген. Анда опузалар башталганда өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун айткан.

Президент каралаганды токтотуш керек. Садыр Жапаровтун таманын жалагандар аман эле болгула.
Эртен Ташиевке окшогон эки жуздуулор, арам адамдар иш козгосо тан калып кереги жок
Манасчылардын баары ислам динине ишенишкен.Кээ бири намаз окуп журуп дүйнөдөн өткөн.Ушунун баарын жалганга чыгарып жатпайсынарбы.Манасчылардан да жакшы билесинерби?Тениризм деген дин жок.Бул бакшылард
" Манас"тай улуу нерсе жок. Манас туболуктуу. Сендей аарсыз саткындар. Арабтарды деле сыйлаап жарытпайсынар. Озунду таанып билбей.Мактаап Шилекейин агып эле. Араб угутчулору Молдолордун созуно ишенип. Тарыхты карабай.
Ошол 14 саат айтканда,сынчылар окмуштуулар кол чаап турушкан.Акты ак,караны кара деп убагында айтып үйрөнсөк,качкан жоону катын да чабат деген кеп бар.Качып кеткен адамды же бийликтен түшкөн адамды жабылып баса калбай.
Акыйкат тизгинден тайыганда ушундай болчу эле,чындык ыйлап.