Жүктүн баасын төмөндөттү деп айдоочуга кол көтөргөн жаран элден кечирим сурап, окуянын чоо-жайын түшүндүрдү (видео)

Кечээ, 6-майда Маловодное айылында жайгашкан салмак көзөмөлдөө постунда жүк ташуунун баасын төмөндөттү деген жүйө менен айдоочуну оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, кол көтөргөн жарандын видеосу тараган. Бүгүн Чүй ШИИББи окуя боюнча маалымат таратып, ээнбаштыкка шектелген 3 жаран кармалганын кабарлаган. Көп өтпөй айдоочуга кол көтөргөн жаран видео кайрылуу жасап, элден кечирим суроо менен бирге окуя боюнча кошумча маалыматтарды айтып берди.

Анын айтканына караганда жогорудагы окуянын ундун баасына эч кандай тиешеси жок. Жаран айдоочулардын ортосунда жүк ташуунун атайын белгиленген баасына байланыштуу гана келишпестик жаралгандыктан, ачууга алдырып жибергенин билдирген.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Кечээги окуя боюнча ачуулукка алдырып, оозумдан чыккан ыплас сөздөр үчүн кечирим сурайм. Айдоочу экөөбүз бири-бирибизден кечирим сураштык. Бул окуя боюнча "Кадам медиа" унга тиешелүү кылып, элге туура эмес маалымат тараткан. Окуянын унга эч кандай тиешеси жок. Биз Жалал-Абадга 2 сом 40 тыйындан каттайбыз. Ал биздин жол акыбыз. Ал эми кечээги айдоочу жүктү 1 сом 70 тыйындан ташып кетип бара жаткан. Жалал-Абадга барып, 5 миң долларлык жүк жүктөп Орусияга кетмек. Ал өзүнүн кызыкчылыгына карап Жалал-Абадга жетчү гана соляркасын чыгарып алып кетип жаткан. Бизде атайын коюлган баа бар. Ага ылайык жүктүн баасы 2 сом 40 тыйындан. Мунун унга эч кандай тиешеси жок", - деп билдирген ал.

Ошондой эле видеодогу жабырлануучу да эки тарап кечиришкенин айтып, видеокайрылуу жарыялаганы маалым болду. Ал сөзүндө:

"Кечээ балдар менен кичине келишпестиктен улам чыр-чатак чыгып талаштык. Анан экөөбүз келишип, достошуп, баарын бүтүрдүк. Ал биздин кесиптешибиз. Эч кандай таарынычыбыз жок. Бизден кеткенди алар кечирсин. Алардан кеткенди биз кечирдик", - деди.

Маловодное постундагы окуя боюнча шектелген жаран элден кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан