Жол кырсыгынан "Бишкекводоканал" ишканасынын 2 кызматкери жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-майда саат 10:30да Анкара көчөсүндөгү шаардык муз тебүүчү аянтчанын тушунда жол кырсыгы катталып, анда "Бишкекводоканал" башкармалыгынын 2 кызматкери жабыркаган. Авариялык бригада көчө канализациясынын тыгынын жоюу үчүн изилдөө иштерин жүргүзгөн учурда эки унаа сүзүшкөн. Окуя болгон жерге "Тез жардам" жана МАИ кызматкерлери чакырылган. Жабырлануучулар 4-шаардык ооруканага жеткирилген.