Балыкчыда жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусунда “Жөө жүргүнчү” аталышындагы рейд өттү

Балыкчыда жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын-алууга багытталган “Жөө жүргүнчү” аталышындагы рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Балыкчы шаардык ЖКККБдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө Балыкчы шаардагы автомектептерде айдоочулук күбөлүк алуу үчүн билим алып жаткан келечектеги айдоочуларды (курсанттарды) катыштыруу менен атайын рейддик иш-чара уюштурулган. Бул иш-чаранын максаты – жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоодон сырткары дагы иш-чарага катышкан курсанттар, айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жол эрежелерин бузган учурларын жеринде көрүшүп, практикалык жардамдарды алышып, келечекте унаа айдап жолдо жүрүү учурунда мындай кемчиликтерге жол бербөөлөрүнө багытталууда. Өткөрүлгөн рейд учурунда бул күндө жол эрежелерин бузган 5 (беш) жөө жүргүнчүлөргө протоколдор түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан