Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарында аял 3-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-майда милицияга 61 жаштагы аял балкондон кулап каза болгон деген маалымат түшкөн. Окуя эртең менен 05:00дө болгон. Аялдын сөөгү Таш-Көмүр шаарындагы өлүкканага жөнөтүлдү. Экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды. Учурда окуя болгон жерде Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам кызматы иштеп жатат.