Биз социалдык тармакта

Жайылда 47 жаштагы адам Суусамыр суусуна секирип каза болду

Жайыл районунда 47 жаштагы эркек адам Суусамыр суусуна секирип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"6-май күнү Жайыл районунун Бишкек - Ош унаа жолунда, Суусамыр суусуна 1975-жылы туулган К.И. аттуу эркек киши секирип өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу маалымат "112" кызматына түшкөн.
7-май күнү саат 06:00дө 9 куткаруучу тартылып, саат 15:30 чамасында куткаруучулар тарабынан суунун жээгинен эркек кишинин жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти ӨКМдан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан