Бүгүн, 8-майда АКШнын Финикс шаарында UFC 274 турнири өтүүдө.
Анда жеңил салмакта белгилүү америкалык мушкер Тони Фергюсон менен дагы бир америкалык мушкер Майкл Чендлер кез келди. Беттештин биринчи бөлүгүндө Тони Фергюсон атаандашын нокдаунга учуратса, экинчи бөлүк башталары менен өзү укмуштуудай нокаутка учурады.
Бул нокауттан кийин Майкл Чендлер эмоциясын жашыра албай көзүнө жаш алды. Андан кийин америкалык мушкер атактуу мушкер Конор Макгрегорду беттешке чакырды.
Муну менен Майкл Чендлер карьерасындагы 23-жеңишине ээ болсо, Тони Фергюсон 7-ирет жеңилди.