Мексикалык мушкер Сауль Канело Альварес орусиялык Дмитрий Биволго сенсациялуу түрдө жеңилип калды.
Эки мушкердин беттеши АКШнын Лас-Вегас шаарында болуп өттү. 12 бөлүккө созулган беттеште Дмитрий Бивол калыстардын чечими менен жеңүүчү аталды
Муну менен Сауль Альварес 2-ирет жеңилсе (57 жеңиш), Дмитрий Бивол карьерасындагы 20-жеңишине ээ болду (жеңиле элек).
Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн. Ал бокс менен алты жашынан баштап машыга баштаган. Бивол жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болуп, бокс боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курамасына кошулган. 15 жашында Дмитрий Бивол Орусияга көчүп кеткен.